Жалал-Абаддын эки тургуну «Хизбут-Тахрирдин» катарынан чыкты

Жалал-Абаддын эки тургуну «Хизбут-Тахрирдин» катарынан чыкты

Жалал-Абад облусунун эки тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун тургундары — 1972-жылы туулган С.А.К. жана 1978-жылы туулган Ж.Ы.Ш. экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Алар мурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны карманып келишкен.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Хизбут-Тахрирдин” мүчөлөрүнүн кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда  УКМК «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо, бөгөт коюу боюнча жана ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун катарына жаңы жактоочуларды тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>