Кыргызстандык алты балбан алыш боюнча Азия чемпиону болушту

Кыргызстандык алты балбан алыш боюнча Азия чемпиону болушту

Өзбекстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча кыргызстандык спортчулар 7 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык балбандар 6 алтын жана 1 коло байге уткан.

Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмакта Айжан Анарбекова алтын тагынган. Ал эми, 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медаль алган.

Эркектер арасында Роман Сапаров (60 кг), Марлен Абдурасулов (70 кг), Элдияр Сексенбаев (80 кг) жана Нурсултан Бочонов (90 кг) 1-орунга татып, Азия чемпиону аталышкан.

Бүгүн килемде алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өтүүдө.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Өзбекстандын Жизак шаарында өтүүдө. Ага 11 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышуда. Ал эми, Кыргызстандан мелдешке 24 балбан барган.

Өзбекстанда алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>