Өкүл ата баасы 13 миң долларбы? Туманбаев Марипов акча опузалаганын айтты

Өкүл ата баасы 13 миң долларбы? Туманбаев Марипов акча опузалаганын айтты

Президенттин жардамчысы Адинай Марипованын агасы жана туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат президенттин иш башкармачысы Каныбек Туманбаевден акча опузалаган. Бул тууралуу аткаминер билдирди.

Ал “Мекенчил” партиясынын өкүлү Азамат Мариповго 13 миң доллар бергенин ырастады.

“Ал мага «Мен мекенчилдердин башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз»,-деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Тойго ошончо чыгым болорун эсептеп келиптир”, — дейт Каныбек Туманбаев.

Анын айтымында, Азамат Марипов аны менен токтоп калбай, акча талап кылууну уланткан.

“Анан эле шантаж кылганга өттү: “Бүгүн кабыл албасаң кеч болот, эртең түз эфирге чыгып сени шыбайм”,- деп. Ай эмне болду сага? Сураган жардамыңды бердим го? Башка акча жок десем, “Ал акчаңды Адинай карындашым менен Кудрет агамдын карыздарын жаптым, мага дагы акча керек болуп” атат деди”, — дейт ал.

Каныбек Туманбаев  бул маселе боюнча президентке айтып, ага бир тууган Мариповдор менен чогуу кирген.

“Президент: «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша» деди», — дейт Туманбаев.

Каныбек Туманбаев «мекенчилдер» ооз ачууга чакырылган чайканада анын жан сакчысы болгонун дагы ырастады. «Бирок ал камераны башка бөлмөгө, башка максатта орноткон», — дейт президенттин иш башкармачысы.

Белгилей кетсек, кечээ «Мекенчил» партиясынын мүчөсү жана Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанымал алты жаран кармалды. Алар 7-апрель күнү коомдук тамактануучу жайда Дооронбек Бегалиев аттуу жаранды ур-токмоктоого шектелүүдө. Милиция «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоду.

Алардын кармалышы боюнча президент Садыр Жапаров маек берди.

“Милдет кылба!”. Президент “мекенчилдерге” эскертүү берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>