Ысык-Көлдөн алты жарым айда 22,4 тонна таштанды чыгарылды (видео)

Ысык-Көлдөн алты жарым айда 22,4 тонна таштанды чыгарылды (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары 198 күндө Ысык-Көлдөн 456 кг таштанды, 143 000 метр тор чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, суучулдар 30-31-октябрь күндөрү суучулдар балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышты.

Алар Түп районунун Ой-Тал, Жаркынбаев айылдарын жана Түп куймасынынын тушунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тазалоонун 198-күнүндө көл аянтынын 549,75 гектарын тазалап, 3800 метр тор чыгарышты.

Ал эми Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 352 642, 15 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 456 кг ар кандай таштанды жана 143 000 метр тор тазалашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>