Жеңиш күнү: Орусия Украина менен бир тараптуу ок атууну токтотууну (айкөлдүк) жарыялады5-май: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо — кар жаайт«Манас» аэропорту 51 жылдыгын белгилөөдө: масштабдуу модернизациялоонун жыйынтыктары жана келечектеги пландарКыргызстандын тоолорунда кар көчкүдөн кийин чет элдик туристтер куткарылдыКыргызстанда эмне үчүн 1-майдан 10-майга чейин эс алышат: түшүндүрөбүзКыргызстан менен Сейшел Аралдары визасыз режим тууралуу макулдашты
Чүйдөгү “Ивановка” суу сактагычы оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди
14.04.2025 | 11:10
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Ивановка” кичи суу сактагычы толук капиталдык оңдоодон кийин ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Суу сактагычты ишке берүү иш-чарасына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
Аталган суу сактагычтын сугат аянты капиталдык оңдоого чейин 300 гектарды түзгөн. Ал эми оңдоодон кийин анда топтолгон сугат суунун сыйымдуулугу 1,200 млн. м3 чейин көбөйгөн. Мындан улам кошумча 600 гектар айдоо жерге жана 60 гектар кайрак жерге суу берүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, жалпы 960 гектар жерди сугарууга шарт түзүлгөн.