Чүйдөгү мектептен чыккан өрт боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Чүйдөгү мектептен чыккан өрт боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Чүй облусунун Беловодское айылындагы Биринчимай орто мектебинин имаратынан чыккан өрттөн эч ким жабыр тарткан жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул мектеп 1927-жылы курулган.

“Имараттын эскилиги жеткендиктен 2012-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен авариялык абалдагы мектеп катары жыйынтык чыгарылган. Аталган билим берүү мекемеси 2018-жылы айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилген. Ошол жылдан бери балдар окубайт. Бүгүнкү күнгө чейин имарат бош турат, айыл өкмөттүн карамагында. Өрт кырсыгынан эч ким жабыр тарткан эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМдин маалыматына караганда, өрт кырсыгы 7-июлда мектептин эски имаратында катталган. Саат 19:50дө өрткө чектөө коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>