Чүйдөгү ок атышуу: Документтери күйгөн 18 турист жатаканага жайгаштырылды

Чүйдөгү ок атышуу: Документтери күйгөн 18 турист жатаканага жайгаштырылды

Чүй облусунун Дмитриевка айылында 17-майда террористти кармоо операциясы учурунда документтери күйүп кеткен туристтер жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук администрациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, террористти кармоо учурунда ал жашаган үй өрттөнүп кеткен. Ошол эле укчурда коңшу батирди убактылуу ижарага алып, жашап жаткан чет өлкөлүк 18 жарандын документтери, акчалары, кийим-кечеси күйгөн.

Окуя болгондон кийин район акими аталган туристтер менен жолугушкан.

«Райондун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырды. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Чет өлкөлүк жарандардын бирөө Беларустун, калгандары Россиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен», — деп билдиришти акимчиликтен.

Туристтер Россия, Беларус элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашашат.

Эскерте кетсек, 17-майда Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралчан террористти кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада куралчан террорист жок кылынган.

Операция учурунда ИИМдин атайын багыттагы эки кызматкери жараат алган. 17-майда октон жарадар болгон бир кызматкерге Улуттук госпиталда операция жасалган.

Reporter.kg’ге өздүк булактары билдиргендей, милиция Дмитриевка айылында Оштогу каракчылык иши боюнча шектүүлөрдүн бирин кармоо боюнча операция жүргүзүп жаткан. Операция учурунда кылмыштуу топтун мүчөсү ок атып, укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн.

Быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Кийинчерээк аталган ишке шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>