COVID-19: Ошто каза болгон эки дарыгердин бири ооруну Кара-Кулжада жугузуп алган

COVID-19: Ошто каза болгон эки дарыгердин бири ооруну Кара-Кулжада жугузуп алган

Ош облустук бирикен клиникалык ооруканасында каза болгон 59 жаштагы  фтизиатр Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жүргөн. Бул тууралуу “Репортерго” өздүк булактар кабарлады.

“Каза болгон фтизиатрдын коронавирус жуктуруп алгандыгы 1-июнда белгилүү болгон.  Дүйшөмбү күнү оорукананын кызматкерлери жумушка келсе, эки жаш кызматкерди алып калышып, калгандарын үйлөрүнө жиберишкен.  Фтизиатр ооруну жуктуруп алардан алдын ага “өпкөм ооруп жатат, туберкулез болуп калдым окшойт” деп Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын тургуну кайрылган. Ошондон кийин  дарыгерден анализ алынган соң андан коронавирус табылган. Анализи чыкканга чейин  дарыгер ар ким менен байланышта болуп, чогулуштарга катышып жүрө берген. 2-июнь күнү түштөн кийин  абалы оорлошуп, Ош шаарына алып кетишкен. Учурда Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунда эки-үч медицина кызматкеринен башка эч ким иштебей эле турат”, — деп билдирди маалымат булагыбыз.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымат такталып жатканын айтып, кийинчерээк толук маалымат берилерин убадалады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июнь күнү брифингде, бир суткада вирустан үч адам каза болгонун айткан. Алардын экөө Ош шаарында, бирөө Нарындагы ооруканада дарыланып жаткан.

Белгилей кестек, Республика боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 20 кишиге жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>