Дагы бир жаш жигит 33 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Дагы бир жаш жигит 33 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Чүй облусунда 22 жаштагы жаран 33 млн сомдук баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштери министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын,  Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Кыргызстанга ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды ташып келүүгө жана сатууга бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүзгөн.

ИИМ билдиргендей, шектүү катары кармалган жаран эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү болуп саналат. Анын Subaru Forester унаасын тинтүу учурунда арткы отургучтун астынан салмагы 6 кг 111 граммды түзгөн 24 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылып алынган. Экспертиза аталган зат мефедрон психотроптук заты экенин көрсөткөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азияга  ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын  катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатуудан шектүү катары кармалган жаран С.И. менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 млн сомдон ашык сумманы түзмөк. Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду», — деп билдиришти министрликтен.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

ИИМден белгилешкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Баңгизат табылган учурда 102, 0312 660616, 0312 660244 номерлери аркылуу укук коргоо органдарына кабарлаңыз.

Эскерте кетсек, буга чейин да, 6-июлда ИИМ 22 жаштагы жаран баасы 33 млн сом болгон 6 кг мефедрон психотроптук заты менен кармалганын кабарлаган.

ИИМдин жалган кызматкери 33 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>