Дамаск шаарынын муфтийи унаасына коюлган бомбадан каза болду

Дамаск шаарынын муфтийи унаасына коюлган бомбадан каза болду

Дамаск шаарынын муфтийи Шейх Мухаммед Аднан аль-Афюни автоунаасына коюлган бомбадан каза болду. Бул тууралуу Сириянын SANA мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жарылуу Сириянын борбору Кудсиянын чет жакасында болгон. «Шейх аль-Афюни бейшемби күнү кечинде террордук актта көз жумду» деп билдирет агенттик.

SANA муфтий Авкаф иштери боюнча министрлигинин алдындагы Илимий кеңештин мүчөсү болгонун, ошондой эле экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык Шам борборун жетектегенин белгилейт. Ал 2013-жылы Дамасктын муфтийи болгон.

Мухаммад Аднан Афюни Сириянын режиминин башчысы Башар Асадга жакын болгон, бир нече жыл мурун оппозиция жана айыл жериндеги согушуп жаткан топтор менен сүйлөшүүлөрдө чечүүчү ролду ойногон.

Асад 2000-жылдан бери Сириянын президенти, атасы Хафез Асаддан кийин бийликке келген. 2011-жылы Сирияда өкмөткө каршы массалык демонстрациялар башталып, ал жарандык согушка чейин жеткен, бирок Асад Орусия менен Ирандын колдоосу менен бийликти сактап калууга жетишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>