Кыргызстанда бизнеске жылдык 2% менен жеңилдетилген насыялар бериле баштадыWB кампаларына жасалган чабуулда жабыркаган кыргызстандыктардын саны көбөйдү — КР ТИМБишкектин тургундары 10 сааттан ашык убакыттан бери жарыксыз отурушат — энергия берүүчү ишканага байланышуу мүмкүн эмесИИМ фейктердин коомдук пикирге таасир этишине жол бербөөгө чакырдыДепозиттерди коргоо фондунун активдери 11,1 млрд сомдон аштыКРСУну кандай жетишкендиктер Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарына чыгарды?
Дарыгерлер Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыгышты
03.02.2022 | 13:02
Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери медициналык мекеменин кайра түзүлүп жатканына байланыштуу митингге чыгышты.
Тактап айтканда, оорукананы 2004-жылдан бери жетектеп келген Сабырбек Жумабековдун башкы дарыгерликтен алынып жатканына дарыгерлер нааразы.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги аталган борбордун базасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу пландалып жатканын билдирген.
“Бул адамдар күнү-түнү жардамга кайрыла турган көп тармактуу медициналык мекеме болот. Учурда документтерди мыйзамдуу даярдоо иштери жүрүп жатат”, – деп айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом