Дем алыш күндөрү Ысык-Көлгө 40-50 миң унаа каттайт

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлгө 40-50 миң унаа каттайт

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлгө 40 миңден 50 миңге чейин унаа каттайт. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылмынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан белгилешкендей, жай мезгилинде Ысык-Көлгө эс алууга барууну каалаган адамдардын саны көбөйүп, жолдо унаалардын саны өсөт. Ага байланыштуу башкармлыктын кызматкерлери «Жайында эс алабыз, бирок жол эрежесин унутпайбыз!» деген ураан алдында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.

Маселен 29-июлдан 4-августка чейин инспекторлор тарабынан эреже бузган айдоочуларга 1 миң 119 протокол түзүлгөн. Алардын ичинен 31 айдоочу мас абалында болгон. 388 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган.

ЖКККБ кызматкерлери айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырып, айдоочуларга адам өмүрү кымбат экенин эскертет.

«Жол каталарды кечирбейт, алардын баасы өтө жогору болушу мүмкүн. Эсиңизде болсун, жогорку ылдамдыкта бара жаткан унааны токтотуу үчүн бир нече секунда талап кылынат, ал эми адамдын өмүрүн кыюуга – болгону бир секунда жетиштүү. Өмүр — бул адам баласына тартууланган баа жеткис белек болуп саналгандыктан, ар бир адам бул белекти сактоого милдеттүү», — деп белгилешти башкармалыктан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>