Аскердик кызмат өтөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо керек, — депутат

Аскердик кызмат өтөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо керек, — депутат

Аскердик кызмат өтөбөгөн жарандарды чет өлкөгө чыгарбоо маселеси каралышы керек. Мындай пикирин 25-майда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Надира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, күчкө толуп турган жигиттер армиянын катарында кызмат өтөбөстөн чет өлкөгө эмгек мигрант болуп чыгып кетип жатышат.

“Жок дегенде аскердик кызмат өтөп, өзүнүн коопсуздугун билип, акылын токтоткондо гана сыртка чыга берсе болот”, — деди депутат.

Ал белгилегендей, 18 жаштагы улан-кыздар чет өлкөгө эмгек мигрант болуп чыгып, ар кандай кордуктарга туш болуп жатышат.

Эл өкүлү ошондой эле, Россиянын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 1077  жараны ар кандай кылмыштар үчүн кармалып отурганын айтып, алардын көпчүлүгү 18 жаштан 25 жашка чейинкилер экенин белгиледи.

“Курьер болуп иштеп, баңгизат менен кармалып, учурда түрмөдө отурган жарандардын ата-энелери мага кайрылышты. Алар жок дегенде камалган балдарды Кыргызстандын түрмөлөрүнө өткөрүп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп жатышат. Алар бул өтүнүчтү президентке жеткирүүнү суранышты”, — деди Надира Нарматова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>