Жогорку Кеңештин депутаттары иш сапар менен Малайзияга барышты

Жогорку Кеңештин депутаттары иш сапар менен Малайзияга барышты

Депутат Мурадил Сыдыков баштаган Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин делегациясы Малайзия мамлекетинде иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач делегация  Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда мамлекеттер аралык соода байланышын чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Муну менен катар чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берген мыйзамдык база түзүлгөнүн маалымдады.

“Кыргыз тарап малайзиялык ишканалар жана корпорациялар менен кызматташып, гидроэнергетика, тоо-кен өндүрүшү, өнөр жай, транспорт, мейманкана комплекстерин жана туристтик объектилерди куруу жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди Мурадил Сыдыков.

Айрыкча адал индустриясын өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашуу да артыкчылыкка ээ экенин айткан комитет төрагасы Бишкек шаарында ири бизнес-форумун өткөрүү сунушун берип, муну менен катар Малайзиянын бизнес коомчулугун Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү да Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Тагыраагы, Борбордук Азия өлкөлөрү менен ишкердик тармагында кызматташууну кеңейтүү маселеси изилденип жатканын, алаканын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында жакынкы аралыкта малайзиялык ишкерлердин чоң тобу Кыргызстанга жөнөтүлөрүн белгилешти.

Кошумчалай кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Медербек Саккараев, Гүлшаркан Култаева, Тазабек Икрамов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Эльмурза Сатыбалдиев жана Жылдыз Садырбаева бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>