Белбоо күрөшү боюнча балбандар Дүйнө кубогунда 5 медаль утту

Белбоо күрөшү боюнча балбандар Дүйнө кубогунда 5 медаль утту

Белбоо күрөшү кыргызстандык спортчулар Екатеринбург шаарында (Россия) өткөн Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жан спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык спорчулар 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль алган.

62 кг салмакта Дооронбек Сапанов, 75 кг салмакта Мыктыбек Өмүрзак уулу жана 82 кг салмакта Эсенбек Кудайбердиев алтын медаль уткан.

Муктарбек Мыктыбеков 90 кг салмакта күмүш, 75 кг салмакта Дурсунбек Көлбаев коло байге тагынган.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш 15-17-декабрь күндөрү болуп өттү. Курама команда Дүйнө кубогуна башкы машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында катышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>