Депутат Корей жаранына турмушка чыккан кыздардын абалына кызыкты

Депутат Корей жаранына турмушка чыккан кыздардын абалына кызыкты

Түштүк Кореяда 10 миң 76 кыргыз жараны бар. Алардын 886сы студенттер. Консулдук каттоодо 4 миң 805 жаран турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында элчи Аида Исмаилова билдирди.

Депутат Миргүл Темирбаева корейлерге турмушка чыккан кыз-келиндердин абалын сурады.

“Бир убакта корей жигиттерине турмушка чыгуу мода болчу. Атайын нике агенттиктери ачылып кеткен”, — дейт ал.

Аида Исмаилованын айтымында, Кореянын жарандары менен үй-бүлө курган кыздар элчиликтин ишине активдүү катышып турушат. Айрым кыз-келиндер чоң ийгиликтерге жетишип жатат.

“Эже-сиңдилерибиз, алардын жолдоштору дагы иш-чарага катышып, жардамдашат. Бул үй-бүлөлөр боюнча эч кандай негативдүү маалымат жок”, — деди элчи.

Депутат Нуржигит Кадырбеков элчини кыздарды корей жигиттерине турмушка чыгууга үндөбөөгө чакырды. «Эми биздин кыздар Гу Чжун Пену көрүп эле ошентип ойлошкон. Чындык башкача. Кыргыздын жигиттериндей, кыздарындай келишимдүүлөрү аз эле болот», — дейт эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>