Теңгиз Бөлтүрүктүн уулунун сотто каралып жаткан иши жабылды

Теңгиз Бөлтүрүктүн уулунун сотто каралып жаткан иши жабылды

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз Теңгиз уулунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан иши жабылды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу менен айыпталуучу Алмаз Теңгиз уулу өз ара жарашып, жабырлануучу тосмо арыз жазгандыктан, иш соттук өндүрүштөн кыскартылган.

Эскерте кетсек, 35 жаштагы Алмаз Теңгиз уулу 10-июнда «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча шектүү катары кармалган. Ал Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу экенин Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А.Т. (Алмаз Теңгиз уулу — ред.) аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алмаз Теңгиз уулу кармалгандан кийин анын бөгөт чарасы Аламүдүн райондук сотунда каралып, ал 2 айга үй камагына чыгарылган. 30-июнда анын иши райондук сотко өткөрүлүп берилген.

Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>