Жалал-Абадда мугалим телефонун алып койгон кыз 2-кабаттан секирген

Жалал-Абадда мугалим телефонун алып койгон кыз 2-кабаттан секирген

Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы окуучу кыз сабак учурунда мектептин 2-кабатынан секирип, буту сынган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-октябрда шаардык милицияга 32 жаштагы келин арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызынын телефонун мугалим алып койгондуктан, кызы мектептин 2-кабатынан секиргендигин билдирген. Натыйжада окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда мугалим милицияга көрсөтмө берген. Мугалим билдиргендей, бир нече окуучу сабакка кечирип киргендиктен, ал алардын телефонун алып койгон. Ал тактага бир нерсе жазып жатканда, телефонун алып койгон кыздардын бири 2-кабаттан секирип кеткен.

Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>