Депутат өзбек кримтөбөлүнөн Ташиевди жоопко тартууну суранган

Депутат өзбек кримтөбөлүнөн Ташиевди жоопко тартууну суранган

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Өзбекстандын кримтөбөлү Салим Абдувалиевден жардам сурап кат жолдогон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кат бир нече барактан турат. Эл өкүлү криминалдык лидерди алкап, Кыргызстандын мамлекеттик жогорку жетекчилерин тартипке чакыруу өтүнүчүн айткан.

“Ал Камчыбек Ташиев менден 180 миң долларды доолап алып алды деп жатат. Бул боюнча биз иликтеп, менин атымдан акча алгандарды тактап, кайра кайтарып бергенбиз. Жамгырчиев Салим Абдувалиевден Ташиевди жоопко тартып бериң деп суранып жатат. Бирок бул катта айтылгандар боюнча депутатка айып таккан жокпуз”, — дейт УКМКнын башчысы.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Салим Абдувалиев Жамгырчиев менен жолукканын ырастаган.

“Салимбай Абдувалиевди суракка алдык. Ал баарын тактап, жардам сураганын ырастады. Ал депутатка Кыргызстандын ишине кийлигише албастыгын айткан”, — дейт коопсуздук кызматынын жетекчиси.

Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда бир эмес, эки кылмыш иши козголгон. Бири – өлкө аймагына мыйзамсыз кирүү, экинчиси – алдамчылык.

“Депутат Абдувалиевдин жардамчысынын мейманкасында жашап, акысын төлөбөй “кидать” этиптир”, — дейт Ташиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыбы менен жоопко тартууга макулдук берди. Бул берене боюнча 50 миң-100 миң сомго чейин айыппул салынышы, же 2-5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>