Депутат Сулайманов: Китеп чыгаруу менен алектенгендерди кошумча нарк салыгынан бошотуу керек

Депутат Сулайманов: Китеп чыгаруу менен алектенгендерди кошумча нарк салыгынан бошотуу керек

Кыргызстанда китеп салыгын жокко чыгаруу керек. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Китепкана иши жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

Эл өкүлү Кыргызстанда китеп чыгаруу, басуу менен алектенгендер 12% кошумча нарк салыгын төлөй турганын айтты.

«Дүйнө жүзү боюнча китеп менен алектенген жеке тараптар кошумча нарк салыгын төлөбөйт. Ошол себептен аларда сапатуу китептер чыгат. Ал эми бизде китепке болгон салыкты арак менен теңеп койдук», — деди Сулайманов.

Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жалпы китепке байланыштуу кошумча нарк салыгын азайтуу боюнча конкреттүү иштерди жасап, кайрадан парламент жыйынына сунуш менен келе турганын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>