Депутат Турускулов: Жумгал эли тажаганынан жол тосуп чыкты, маселени чечкиле

Депутат Турускулов: Жумгал эли тажаганынан жол тосуп чыкты, маселени чечкиле

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, шайлоочулардын кайрылуулары айтылды. Анда депутат Жыргалбек Турускулов Жумгал элинин жол тосуусу боюнча маселе көтөрдү.

Турускулов Жумгал районундагы Баш-Кууганды-Эпкин жолунун учурдагы абалына токтолуп, ишти жасай турган италиялык компания милдеттемесин аткарбаганын белгиледи.

«Эки жыл болду, эч алгылыктуу жумуштар жасалган жок. Жумгал эли тажаганынан жол тосуп чыкты. Андыктан маселени ыкчам чечүү зарыл», — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-мартта Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришинде  жергиликтүү тургундар нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Митингчилердин талабы — Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кирген Жумгал районунун жолун оңдоо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>