УКМК: ИИМдин кызматкери 4 миң доллар пара менен кармалды

УКМК: ИИМдин кызматкери 4 миң доллар пара менен кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК жана Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, подполковник наамындагы К.М. аттуу  ыкчам кызматкерге 20 миң доллар пара опузалоо фактысы боюнча 343-беренеге (пара опузалоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган акчанын 4 миң долларын алып жатканда подполковник менен бирге ортомчу болгон С.У. жана Т.А. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Аларды УКМК менен Аскер прокуратурасынын кызматкерлери кармаган.

Прокуратура билдиргендей, аларга А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, белгисиз адамдар анын BMW X7 унаасын тартып алган. Бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганда, ал жакта иштеген кызматкер кылмыш ишин козгоо үчүн жана унаасын кайтарып берүү үчүн 20 миң доллар пара опузалаган.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>