Дмитрий Бивол WBA версиясы боюнча «Жылдын мыкты мушкери» болду

Дмитрий Бивол WBA версиясы боюнча «Жылдын мыкты мушкери» болду

WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион Дмитрий Бивол Орландодо өткөн Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын 100-конгрессинде «Жылдын мыкты мушкери» сыйлыгын алды.

Сыйлыкты мушкерге WBA президенти Гилберто Мендоза тапшырып, Биволду 2023-жылы дагы көптү үмүттөнөрүн билдирди.

«Мен WBAнын мүчөсү болгонума абдан кубанычтамын. Ал мага жеңишке жана дүйнөлүк титулумду коргоого мүмкүнчүлүк берди. Көптөр аны менден тартып алууга аракет кылышты, мен WBA титулу үчүн көп күрөштүм. Чоң рахмат! Менин командама чоң рахмат! 2023-жылы жана андан кийин да колумдан келгендин баарын жасаганга аракет кылам», — деди спортчу.

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмак шаарында төрөлгөн. Ал алты жашында бокска кызыгып, машыктыруучу Вячеслав Шараповдун жетекчилиги астында машыгып баштаган. Жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатынын жеңүүчүсү, өлкөнүн жаштар курама командасынын мүчөсү болду. 15 жашында Орусияга көчүп кеткен. Август айында Бишкекке келип, алдыдагы титулду коргоого даярданган. Машыгуу Ысык-Көлдө, Тамгада өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>