Иш күнү футбол ойнобой эле койсо болмок! Жапаров буга жооп берди

Иш күнү футбол ойнобой эле койсо болмок! Жапаров буга жооп берди

Президент Садыр Жапаров иш күнү футбол ойнойсуңар деген сынга “Кабар” агенттигине маек берип жатып жооп берди.

Ал журналисттин “турнирди колдогондор менен катар сындагандар да болууда. Негизинен, иш күнү өтүп жатканына көңүл бурушууда…”-деген суроосунан улам жооп берди.

Иш күнү өтүп жатат деп андан трагедия жасаштын кереги жок. Ушундай биримдикти, ынтмакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатышат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырмаларды берип жатам. Оюн менен эс алуунун шартында негизги маселелерди көңүл сыртында калтырган жерибиз жок. Мындан сырткары, бул турнирдин дагы бир максаты – “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, биздин спорт менен машыгып чуркап жүргөнүбүздү көрүп келечек муун үлгү алат. Спортко тартылат. Мындай биримдикке чакырган, сергек жашоо образына үндөгөн иш-чараларды өткөрүү – биздин иш-милдеттерибиздин бири, керек болсо, эң маанилүүсү десем да болот”— деди Садыр Жапаров.

Фейсбукта “Мурас” турниринин иш күнү өтүп жатканы боюнча нааразылык жаралган. Анда иш күнү эмес, дем алыш күндөрү футбол ойноп, иш күндөрү зарыл иштер менен алек болсо болмок деген сындар айтылган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>