Эң кымбаты 25,5 млн сом. Камчы Көлбаевдин 6 унаасы сатыкка коюлду

Эң кымбаты 25,5 млн сом. Камчы Көлбаевдин 6 унаасы сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин конфискацияланган мүлкүнүн ичинен 6 автоунаасын аукционго сатыкка койду. Бул тууралуу аталган агенттиктин сайтында айтылат.

Аукционго коюлган 6 унаанын баасы 54 млн 100 миң сомду түзөт.

Аукцион электрондук соода аянтчасы порталында өткөрүлөт (http://auctionetp.gov.kg). Ага  катышуу үчүн http://etp.okmot.kg порталы аркылуу катталуу керек. Каалоочулар 20-ноябрдан 11-декабрь саат 10:00го чейин арыз таштаса болот. Аукциондун өзү 11-декабрда саат 12:00до өткөрүлөт.

Аукционго коюлган унаалар:

1. BMW ALPINA XB7, 2021-жылы чыккан, кузов №WAPBG0700NPM50140

— Баштапкы баасы — 18 млн сом

2. HYUNDAI GENESIS, 2019-жылы чыккан, кузов №KMHG141DDKU068624

— Баштапкы баасы — 2 млн 800 миң сом

3. KIA RIO X-LINE, 2019-жылы чыккан, кузов №Z94C351BBLR084890

— Баштапкы баасы — 1 млн 150 миң сом

4. MERCEDEC-BENZ S600, 2017-жылы чыккан, кузов №WDD2229761A323124

— Баштапкы баасы — 25 млн 500 миң сом

5. MERCEDEC-BENZ G500, 2013-жылы чыккан, кузов №WDB4632361X205250

— Баштапкы баасы — 5 млн 400 миң сом

6. TOYOTA LAND CRUISER PRADO, 2005-жылы чыккан, кузов №JTEBZ29JB00060139

— Баштапкы баасы – 1 млн 250 миң сом

Кененирээк маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкашуу боюнча агенттигинин сайтынан алууга болот.

Башкы сүрөт: tazabek.kg

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Көлбаев көз жумгандан кийин УКМК маркум кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен тапкан байлыгы мамлекеттин карамагына өтөрүн кабарланган.

УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин канча байлыгы болгонун айтты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>