Жапаров: 2020-жылы Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу

Жапаров: 2020-жылы Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга аралашканы такталса мүлкү конфискацияланат. Бул тууралуу  Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу.

«Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу», — дейт Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри туруктуу коррупциялык схема түзүп, анын жыйынтыгында акыркы үч жылда мыйзамсыз байыганын айткан.

15 батир, 1 миллион долларга автопарк. Бейшеналиевдин байлыгы тууралуу айтылды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>