Дыйкандардын картошкасы жер төлөдө чирип жатабы? Айыл чарба министрлиги жооп берди

Дыйкандардын картошкасы жер төлөдө чирип жатабы? Айыл чарба министрлиги жооп берди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги депутат Акылбек Түмөнбаевдин дыйкандар картошкасын сата албай жаткандыгы боюнча билдирүүсүн четке какты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан.

Министрликтин маалыматында, Өзбекстан мамлекетине экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытай мамлекетине дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Картошка учурда республика боюнча дүң баасы 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда.

2023-жылы өлкөдөн 42,2 миң тонна Россия, Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине экспорттолгон.

Анын баасы былтыры апрелде 23,3 сом, май айында 30,0 сом, июнь айында 45,0 сом, сентябрь айында 30,0 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон.

Ал эми 2022-жылы апрель айында 25,6 сом, май айында 35 сом, июнь айында 40,0 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан. Министрлик бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>