Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Дүйнө тынч эмес. Коргоо тармагын каржылоону көбөйтүү сунушталды
19.10.2023 | 11:22
2024-жылдын бюджетинде коргоо тармагына каржылоону көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Ал дүйнөнүн бир нече аймактарында согуш жүрүп жатканын белгилеп, аткаруу бийлигин жарандык коргонууга көңүл бөлүп, бомбадан калкалануучу жайларды түзүүгө чакырды.
“Куралданууга акчаны көбөйтөлү. Жарандар үчүн коопсуз жайларды түзүү боюнча стратегиялык чараларды көрүш керек”, – дейт эл өкүлү.
Таалайбек Сарыбашов жаштарды аскерге кызмат өтөөгө үндөөнү дагы сунуштайт.
“Бир класстан 30 бала мектепти бүтсө, анын экөө гана аскерге барат экен. Биз үчүн азыр сапатуу армия өтө маанилүү. Жаштарды мекенчиликте, аскерге кызмат өтөөгө чакырыш керек”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом