Дүйнөдө 2022-жыл сөз эркиндиги үчүн катастрофалык жыл болду

Дүйнөдө 2022-жыл сөз эркиндиги үчүн катастрофалык жыл болду

Согуш, зордук-зомбулук, цензура. 2022-жыл сөз эркиндиги үчүн катастрофалык жыл болду. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жылдык отчетуна ылайык, 1-декабрга карата дүйнөдө 65 журналист барымтага алынып, 49у дайынсыз жоголгон, 57си өлтүрүлгөн, 533 журналист кесиптик ишмердүүлүгү үчүн кармалган.

Бул жагынан Азиядагы абал олуттуу: журналисттери эң көп камалган өлкөлөрдүн тизмесинде Кытай, Мьянма жана Иран турат.

Абактагы журналисттердин дээрлик 15% аялдар экени айтылат баяндамада.

1-декабрга карата өлтүрүлгөн 57 журналисттин дээрлик жарымы Латын Америкасында иштеген.

Мексика төртүнчү жыл катары менен журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда, 2022-жылы ал жерде 11 медиа кызматкери каза болгон. Андан кийин согушуп жаткан Украина жана Гаити турат. Сирия менен Йемен мындан кийинки орунда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>