Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Дүйнөлүк банк Бишкекке түтүн менен күрөшүүдө жардам берет
13.05.2022 | 10:37
Дүйнөлүк банк Бишкекке түтүн менен күрөшүүдө жардам берет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Дүйнөлүк банк миссиясынын эксперттери менен жолугушуусунда кызматташуу талкууланды. Катышуучулар «Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сүйлөшүштү.
Миссия буга чейин техникалык жардамдын да, инвестициялык компоненттердин да бир нече негизги багыттарын аныктаган.
Өз кезегинде Эмилбек Абдыкадыров жигердүү узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экенин билдирип, долбоорго киргизүү зарыл болгон артыкчылыктуу маселелерди белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом