Эми дары өсүмдүктөрүн айыл чарбада өстүрүүгө болот. Президент мыйзамга кол койдуАрктикага билет: Кыргызстандык мектеп окуучулары Түндүк уюлга жолдомо үчүн күч сынашуудаОш шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалдыМинкаб күйүүчү майдын баасын турукташтыруу үчүн субсидиялоо маселесин кароодоКыргызстан менен Pfizer онкобейтаптар үчүн өмүр үчүн маанилүү дары-дармектерди жеткирүүнү жолго коетКанттагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды
Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын алтын медалын утту
26.09.2023 | 14:43
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалда атаандашын жеңип, алтын байгеге татыды.
Эрлан Шеров 90 кг салмакта беттешкен. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде кытайлык спортчуну жеңген. Андан кийин чейрек финалда ливандык атаандашын уткан. Ал эми жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип, финалга чыккан.
Финалда ал өзбекстандык Давлат Бобоновду утуп, алтын байгенин ээси болгон.
Муну менен Эрлан Шеров Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарындагы алгачкы медалды алып берди.
Аны менен бирге Шеров Азия оюндарында алтын байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз