Бишкекте турак-жайлар кымбаттады

Бишкекте турак-жайлар кымбаттады

Бишкек шаарында 2021-жылдын июлунан 2022-жылдын июлуна чейин жыл ичинде батирлер орточо эсеп менен 16,3%га өскөн. Мындай маалыматты Жер ресурстары кызматы билдирет.

Борбор калаанын төрт районунда тең өсүш байкалды. Мында бир чарчы метрге менен эсепке алганда Свердлов районунда  20,8%га жогорулаган. Бул эң жогорку өсүш болуп калды. Андан кийин  Октябрь районунда 19,2 пайызга,  ал эми Ленин районунда 13,5 пайызга кымбаттады. Кыймылсыз мүлктүн баасы көп өзгөрбөгөн район  Биринчи Май району.  11,8% менен көп кымбаттоого дуушар болгон эмес.

Борбор калаада кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин баасы анын түрүнө жараша 3,3 миң сомдон 70,6 миң сомго чейин жетет.  Административдик кыймылсыз мүлктүн эң арзан квадраты 3346 сомду түзөт. Андан кийинки орунда өндүрүштүк имараттар. Чарчы метри 15 миң 276 сом.

Коммерциялык кыймылсыз мүлктүн эң кымбаты 1 чарчы метри 70 миң 615 сом, турак жайлар 65 миң сом жана батирлер 64 миң 599 сом болот. Баасы мүлк жайгашкан аймакка жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: турак жай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>