Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Eagle FC 49: Мушкер Айдарбек Абдибаит жеңишти камсыздады
10.08.2022 | 22:47
Eagle FC 49 мелдешинде 56,7 килограмм салмакта кыргызстандык мушкер Айдарбек Абдибаит россиялык Виталий Косицынды жеңип алды. Жеңиш кыргыз мушкерине калыстардын чечими менен ыйгарылды.
Алдыда Eagle FC 49 мелдешин башкы таймашы өтөт. 65,8 килограмм салмакта Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык Расул Магомедовго каршы беттешет.
Буга чейин Жаныш Ураимов россиялык Герги Шахрурамазанов менен кез келип, атаандашынын соккуларын өткөрүп жиберүү менен жеңилүүгө дуушар болгон.
Ал эми Таалайбек Адиске жеңишти камсыздаса, Мухамедали Алиев (56,7 кг) россиялык Сергей Ширкунов менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызасын тарткан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт