Eagle FC 49: Жаныш Ураимов Герги Шахрурамазановдон утулуп калды

Eagle FC 49: Жаныш Ураимов Герги Шахрурамазановдон утулуп калды

Eagle FC 49 мелдешинин алкагында өткөн 65,8 килограмм салмактагы беттеште кыргыз мушкери Жаныш Ураимов атаандашына утулуп калды.

Ал россиялык Герги Шахрурамазанов менен кез келип, атаандашынын соккуларын өткөрүп жиберүү менен жеңилүүгө дуушар болду.

Буга чейин Таалайбек Адиске жеңишти камсыздаса, ал эми Мухамедали Алиев (56,7 кг) россиялык Сергей Ширкунов менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызасын тарткан.

Алдыда кыргызстандык мушкерлерден Айдарбек Абдибаит (56,7 кг) жана Бусурманкул Абдибаит уулу (65,8 кг) беттешке чыгат. Бусурманкул Абдибаит уулунун россиялык Расул Магомедовго каршы беттеши мелдештин башкы таймашы болот.

Турнирдин коноктору — UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана «Хасбик» каймана аты менен таанымал, дагестандык блогер Хасбулла.

Турнирде орто жеңил салмак боюнча «Алай» аты менен таанымал Бусурманкул Абдибаит уулу  менен орусиялык «Ахиллес» Расул Магомедов таймашат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>