Доллардын курсун 104 сомдон эсептеп, Матрезерв аммиак селитрасын сатып алган

Доллардын курсун 104 сомдон эсептеп, Матрезерв аммиак селитрасын сатып алган

Ушул жылдын башында республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн камсыздоо үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 975 миллион 369 миң 600 сом бөлүнгөн.

Маалым болгондой, акча республикалык бюджеттен Өзбекстандан 30 миң тонна аммиак селитрасын сатып алууга бөлүнгөн.

«Фонд «Узкимеимпекс» ЖЧКсы менен ушул жылдын апрель айында келишим түзгөн. Буйрукка ылайык бөлүнгөн 975,3 миллион сомдун 917,4 миллион сому же 8 миллион 740 миң доллары (1 АКШ долларына 104,9626 курс менен) 20 миң тонна аммиак селитрасын сатып алууга которулган», — деп айтылат Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.

Март айында 2 миллион 200 миң долларга 4 миң 977 тонна аммиак селитрасы ташылып келинген.

«ММРФ аркылуу алынып келинген 4977 тонна аммиак селитрасынын 7 тоннасы сатылып, калган 4970 тоннасы кампаларда сакталууда. Учурда аммиак селитрасын андан ары сатуу үчүн анын баасын төмөндөтүү чаралары көрүлүүдө», — деп билдирди Айыл чарба министрлиги.

Ашыкча баа менен сатып алынган аммиак селитрасы суроо-талапка ээ болбой, кампаларда бош турат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>