ЖККУнун машыгуулары Кыргызстанда өткөн жок. Байсалов себебин айтты

ЖККУнун машыгуулары Кыргызстанда өткөн жок. Байсалов себебин айтты

Тажикстан менен болгон чыр-чатактан кийин Кыргызстандын коомчулугу ЖККнун машыгууларына Тажикстандын катышынын кубаттамак эмес, ага байланыштуу аны өткөрбөөгө туура келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин, ошол эле тажик аскерлеринин Кыргызстандагы машыгууларга катышуусун эл колдомок эмес.

«Силер келбегиле, казактар, орустар жана беларустар келсин» деп аларсыз (Тажикстан – ред.) өткөрүүгө болбой калат экен. Андай болбойт. Ошондуктан өткөрүлбөй калды. Муну ЖККУдагы мүчөлөр түшүнүп жатат. Бирок, ал туура эмес чечмеленип жатканына тынчсызданып жатабыз жана ал боюнча спекуляция кылуу жоопкерчиликсиз болот», –деди ал.

Ошондой эле ал Россиянын Борбор Азиядагы, кыргыз-тажик мамилесиндеги ролу эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү катары өтө маанилүү деген оюн айткан.

Эскерте кетсек, ЖККУнун машыгуулары Кыргызстанда 10-14-октябрда болуп өтмөк. Кыргызстан машыгууларды өткөрүүдөн баш тарткандыктан, ал Тажикстанда өткөрүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>