Сокулукта электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

Сокулукта электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

УКМК Чүй облусундагы электр тармактарындагы коррупциялык элементтерге бөгөт коюунун алкагында, 2022-жылдын 7-октябрында Сокулук  райондук электр тармагынын (РЭТ) участкасынын башчысы Б.Э.О. пара катары акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мурда А.А.С. аттуу жаран Сокулук  райондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен  кайрылган.

Бирок, аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу аталган жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-тегөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Сокулук районунун аймагынан, Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>