Эки баланын атасы Алымбек боорун алмаштыруу үчүн жардам сурайт

Эки баланын атасы Алымбек боорун алмаштыруу үчүн жардам сурайт

Ысык-Көл облусунун 28 жаштагы тургуну Алымбек Чолпонбай уулу боор оорусуна чалдыкканына байланыштуу операцияга муктаж.

Алымбектин жубайы Нурзада Бейшееванын айтымында, жолдошу Ак-Суу районуна караштуу Жолколот айылында 1995-жылы туулган, эки баланын атасы. Ага альвеококкоз диагнозу коюлган.

Бир жыл мурун Алымбекке дарыгерлер боорду алмаштыруу керек экенин айтышкан. Алгач, бейтаптын абалы оор болбогондуктан өзү операцияга макул болгон эмес. Азыр жолдошунун боору ириңге толуп бара жатат. Дарыгерлер Кыргызстандан дарылоого мүмкүн эмес экенин айтып, Индиядан боорун тезинен алмаштыруу керектигин билдиришкен. Алымбектин агасы ага донор болууга даяр.

«Азыр бооруна ириң толуп, абалы өтө начарлай баштады. Индиядан операция жасатууга 40 миң доллар керек экен. Каражатты чогултууга биздин чамабыз жетпегендиктен, кайрымдуу адамдардан жардам суроого мажбур болуп жатабыз. Мындан бир аз мурун (кайын энем) апам каза болуп калды”, — дейт анын жубайы Нурзада Бейшеева.

Жардам үчүн реквизиттер:

( Сбербанк ) Карта Чолпонбай уулу — 4279 3806 9994 9683

( M BANK ) Бейшеева Нурзада — 996 508 629 696

(О деньги) Бейшеева Нурзада — 996 508 629 696

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>