Экс-депутат Бакыт Шаршеев «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды

Экс-депутат Бакыт Шаршеев «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды

Бакыт Шаршеев «Манас» эл аралык аэропортунун Башкармасынын төрагасы жана башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

9-февраль 2021-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бизнес-компаниялар менен иштөө жана корпоративдик башкаруу бөлүмүнүн башчысы Тимур Малбашев Бакыт Шаршеевди «МАМ» ААКтын эмгек жамаатына тааныштырды.

«Бүгүн« МАМ »ААКтын директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгында директорлор кеңешинин төрагасы Бактыбек Сыдыковдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Бакыт Шаршеевди директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директорлугуна шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле, кеңештин мүчөсү Абдималик Бусурманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын ордуна Жолдошбек Токторбаевди шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>