Электр энергиясына тарифди көтөрүү пландалууда. Баалар кандай өзгөрөт?

19.03.2024 | 11:56

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энерсиясынын баасын көтөрүү пландалууда. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Энергетика министрлигинин Отун-энергетикалык комплексинин жөнгө салуу боюнча департаментинин маалымат кызматы ырастады.

Белгилүү болгондой, учурда тарифтерди 1-майдан тарта көтөрүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылыйык электр энергиянын баасы бардык керектөөчүлөр үчүн 2023-жылдагы инфляцияга карап 10,8%га кымбаттайт.

Сунушталып жаткан токтом долбооруна ылайык, жарандар 1-майдан тарта 1 кВт/саат үчүн 1 сом 10,8 тыйындан төлөй баштайт (700 кВт/саатка чейин). Азыркы тариф 1 сомду түзөт.

700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 2 сом 39,3 тыйын болот. Учурда ал 2 сом 16 тыйынды түзөт (тариф 23,3 тыйынга көтөрүлөт).

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жарандар үчүн тариф 10,8 тыйынга кымбаттап, 1 сом 10,8 тыйын болот. Алар үчүн 700 кВт/сааттык чектөө жок.

Ошондой эле “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын баасы 5,4 тыйынга кымбаттап, 55,4 тыйынды түзөт (700 кВт/саатка чейин). 700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 23,3 тыйынга кымбаттап, 2 сом 39,3 тыйын болот.

[image_carousel source=”media: 207300,207301″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top