Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
«Электр станциялары» ААКга жаңы жетекчи келди
25.01.2022 | 09:00
Кыргызстандагы жалпы электр энергиясынын 98%ын өндүргөн «Электр станциялары» ААКны жаңы башкы директор жетектеди. Бул Эркин Тавашаров болгонун аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Тавашаров бул кызматта 2021-жылдын февраль айынан бери иштеп жаткан Талайбек Бектеновдун ордуна келди.
Эркин Тавашаровдун жогорку техникалык билими бар. ЖАГУнун инженердик факультетин, Брно техникалык университетин (Чехия), Малайзия университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1999-жылы Токтогул ГЭСинде электрик болуп баштаган. “Электр станцияларына” дайындалганга чейин Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат