Электр жарыгы эмнеге өчүрүлүп жатат? Министрдин түшүндүрмөсү

Электр жарыгы эмнеге өчүрүлүп жатат? Министрдин түшүндүрмөсү

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты жылуулук, электроэнергия жана суу менен камсыз кылуу маселелери каралып жатат. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берүүдө.

Министр электр станцияларынын мүмкүн болгон кубаттуулугу 3356 мегаватты түзөрүн белгиледи.

“Ошону менен бирге айрым убактарда керектүү кубаттуулугу 3740 мегаваттка чейин чыгууда. Тагыраагы, тартыштык 400 мегаваттан ашууда. Андыктан электр жабдууларын сактоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында электр энергиясын чектөөгө аргасыз болуудабыз. Эгерде энергетиканы керектөө кубаттуулугу өз убагында азайтылбаса Кыргызстандын эле эмес, жалпы Борбор Азияны бириктирген энергетика тутуму авариялык абалга келиши мүмкүн”, – деди  Таалайбек Ибраев.

Ошондой эле, ал системалык авариянын алдын алуу үчүн күндүзгү саат 07:00дөн 16:30га чейин чектөөлөр киргизилип жатканын айтты.

“Башкача айтканда бир абонентке 4-5 киловатт саатты түзөт. Жалпы республика боюнча 1,5 млн абонент болсо, 50 миңден 70 миңге чейинкиси эле чектөөгө кабыл болууда. Ал эми кечки 17:00дөн 24:00гө чейинки керектөө 450-480 мегаваттка чейин жетип, энергетиканын сарпталышы көп болууда. Ага ылайык, бекитилген графиктин негизинде 1 саат алкагында кубаттуулукту азайтуу чаралары көрүлүүдө”, – деди ал.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарындагы ЖЭБдерде отун жетиштүү экенин билдирген Таалайбек Ибраев: “Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 221 млн кубду түзүүдө. Азыркы учурдагы керектөө 77,400 млн кВт/саатка жетип, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 20,500 млн кВт-саатка көп болууда” – деди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>