Елена Калашникова менен анын орун басары үй камагына чыгарылды

Елена Калашникова менен анын орун басары үй камагына чыгарылды

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы президенти Елена Калашникова менен анын орун басары Александр Валитов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын баш коргоо чарасы 28-июлда каралган. УКМКнын тергөөчүсү шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, Елена Калашникова 12 млн сом, ал эми, Александр Валитов 1,5 млн сом материалдык зыяндын ордун толтурган. Сот өтүнүчтү канааттандырып, Калашникова менен Валитовдун бөгөт чарасын өзгөрткөн. Алар 22-августка чейин үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы президенти Елена Калашникова менен анын орун басары Александр Валитовду «коррупция» беренеси боюнча кармаган.

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>