Жээнбековдун жубайынын иши. УКМК 1,4 млрд сомдук 2 жер кайтарылганын билдирди

Жээнбековдун жубайынын иши. УКМК 1,4 млрд сомдук 2 жер кайтарылганын билдирди

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева жана айрым кызмат адамдарына козголгон ишинин алкагында мамлекетке 1 млрд 464,3 млн сомдук эки жер кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин УКМК акчалай сыйлык үчүн Бишкектеги кымбат баалуу жерлерди ижарага алууга шарт түзгөн айрым кызмат адамдары менен жеке адамдарга карата кылмыш ишин козгогон.

УКМКнын маалыматы боюнча, Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева мамлекеттик органдарда байланышы бар экенин айтып, бизнес өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, жерди ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишке жетүүсү үчүн алардан 500 миң доллар алган. Алимбаева «Инфосистема» мамлекеттик ишканасындагы байланыштары аркылуу сөз болгон бизнес өкүлдөрүнө 2 кымбат жер тилкесин ижарага алууга шарт түзүп берген.

Аталган факты боюнча Салкынай Алимбаева менен бирге бул ишке тиешеси бар «Инфосистема» ишканасынын жооптуу адамдары жана башка жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен экспертизанын корутундусуна ылайык баасы 1 млрд 464 млн 383 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду», — деп айтылат маалыматта.

УКМК аталган кылмыш иши боюнча тергөө дээрлик аяктап калганын, жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, Салкынай Алимбаева быйыл май айынын аяктарында кармалып, 24-июлга чейин камакка алынган. Жакында эле, 21-июлда сот аны дагы эки айга камакта калтырган. 26-июлда жергиликтүү басылмалар жазгандай, 7-июлда Алимбаевага операция жасалып, ал ооруканага жаткырылган.

Салкынай Алимбаеванын жолдошу Равшан Жээнбеков былтыр октябрь айынын аягында Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, учурда тергөө абагында камакта отурат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>