Кореядан келген 600дөй автомобилди «Унаанын» адистер мыйзамсыз каттаган

Кореядан келген 600дөй автомобилди «Унаанын» адистер мыйзамсыз каттаган

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы жана адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында «Унаа» мекемесинин айрым кызматкерлери автотранспорт каражаттарын ташуучу жеке адамдар менен макулдашууга барып, туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, анда жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен, бул аларга импорттук бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес.

Буга карабастан «Унаа» ишканасынын башчысы жана адистери материалдык пайда алуу максатында акыркы бир нече жыл аралыгында Кореядан автотранспорт каражаттарын ташып келүү менен алектенген жеке адамдар менен тил табышып, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында коррупциялык схема түзүүгө тиешеси бар деп, 19-февралда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя бөлүмүнүн башчысы К.А.Т. жана мекеменин адиси К.Т.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Учурда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>