Депутат Кыргызстанда жумушчулар жетишпей жатканын айтты

Депутат Кыргызстанда жумушчулар жетишпей жатканын айтты

Кыргызстанда жумуш орундары көбөйүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жумуш орундарына жаштар жетишпей жатат.

“Ошто 3000 орундуу тигүү цехи ачылыптыр. Кыз-келиндерди жумушка алабыз, 60 миң сомго чейин айлык төлөйбүз деп жатышат. Бирок, учурда 500 эле адам иштеп жатат. Калганын Өзбекстандан алып келишет экен.  Дагы бир ишкер отель ачып, ал жакта дагы жумушчу кыздар жетишпей жатыптыр. Эмне үчүн биздин кыздар Кыргызстанда эмес, сөзсүз Дубайда, Анталияда иштеши керек?”, — деди Атазов.

Ошондой эле, эл өкүлү 18-20 жаштардагы кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу маселеси парламентте кайрадан көтөрүлөрүн айтты.

Белгилей кетсек, жыйында беш маселе каралууда. Анда Кыргызстандын 2021-2030-жылдарга карата  Миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы, Миграция жана адам сатуу чөйрөсүндө иштеген өнөктөштөр менен I жогорку деңгээлдеги донордук конференцияны өткөрүү жана Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин 2023-2024-жылдарга иш планын бекитүү сындуу маселелер бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>