Эрдоган кыргызстандыкка Полиция академиясын аяктаганы тууралуу диплом тапшырды

Эрдоган кыргызстандыкка Полиция академиясын аяктаганы тууралуу диплом тапшырды

Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна Түркиянын ИИМинин Полиция академиясындагы окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификатты тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Адилет Акынали уулу Полиция академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасында билим алган.

«2021-2022-окуу жылында «Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу»  кафедрасында «Жетекчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо» курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн, 1-ноябрда, биздин кесиптешибизге, Анкара шаарындагы президенттик резиденцияда, бүтүрүү аземинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификатты тапшырды. Аталган иш-чарага Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу да катышты. Аны менен катар кесиптешибиз Түркиянын Полиция академиясынын башчысы, профессор, доктор Чолак Йылмаздын колунан сыйланды», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин  Баткен райондук милициясында балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген.

«Кесиптешибиздин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана аброюн  жогорку деңгээлге көтөрүп, мекенибизге кызмат кылуу менен генерал наамына жетем деген аруу тилеги бар», — деп белгилейт министрликтин басма сөз кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>