ИИМ кызматкери самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

ИИМ кызматкери самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы, прапорщик Дайыр Карыяев Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Дайыр Карыяев 77 кг салмакта дүйнө чемпиону болгон. Андан тышкары, кенже сержант Жамалбек Асылбек уулу 88 кг салмакта 3-орунду ээлеген.

Эскерте кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 11-13-ноябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында өтөт. Чемпионатка 50дөн ашык мамлекеттен спортчу, ошондой эле самбо боюнча дүйнө биринчилигинин тарыхында алгач ирет качкындар командасы катышат.

Бүгүн Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>