Эрнис Балбаков «Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору — башкы редактору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Балбаков Эрнис Тиленбекович берген арызына ылайык, «Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору — башкы редактору кызматынан бошотулган.
Тийиштүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.