Европа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн евро бөлөт

Европа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн евро бөлөт

Бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, долбоордун максаты — Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткаруу.

“Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро болгон каражат бөлүнүп берилет, анын ичинде кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро”, — деди.

Баяндамачы, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү Дастанбек Жумабеков менен Адахан Мудумаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 141 миң 300 евро өлчөмүндөгү комиссиялык төлөмдү кармап калуу маселесин такташты. Алсак, депутат Адахан Мадумаров: «Эмне үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы комиссияны кармап калат?», — деген суроо азатты. Депутаттардын суроосуна Финансы министринин орун басары Руслан Татиков бул стандарттуу процедура деп жооп берди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылды.

“Мен ГАИ эмесмин, кыйкырбаңыз”. Мадумаров менен Татиковдун айтышы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>